Краткая информация

  • 20.08.1947, 72 года
  • Высшее
  • В браке
  • учитель
  • 38 друзей
ЫРГА КАЙРЫЛУУ
Угулбастыр окуганда угумдуу, Угут жоктур окурманга жугумдуу, Ындын өчүп, көңүл чөксө, баары бир, Ырым, сенден чыгарамын бугумду. Сен келгенде кадимкидей эргиймин, Сезим көктө, канааттанам, сергиймин. Чер жазылып, түшүм жыйнап, жуунуп, Чечип салган, дыйкан болом, тер кийимин. Аткан окшойт тагдырыма...
ӨЙҮГӨН ОЙ
Ачка болдук, ток болдук, Араң жүрдүк, шоктондук. Акыл абдан кеч келип, Азыр бир аз токтолдук. Сүйдүк дагы, сүйүлдүк, Сүйлгөнгө сүйүндүк. Жетип азга кубансак, Жетпей көпкө күйүндүк. Шамдай өчүп, жагылдык, Жалындырдык, жалындык. Эстүүсүнүп кээ бирде, Эң көп жолу жаңылдык. Тактай сындуу таарылдык,...
ОЙЛОН!!!
Быйыл бизде күз таяп шайлоо болот! Демек, алдын ала “майлоо” болот. Анан ошого азгырылып, аткарбастан өз милдет-парзыңды, жүрөсүң кайра беш жыл бою айтып арызыңды. “Уугум сага айтам, уулум сен ук” демекчи, депутаттыкка Көлөшбай байкемди шайлап алып, армандасың. Эми бул шайлоодо дал ошого окшогон...
Күз символу – сары жалбырак.
 (Элегия) Күз символу – сары жалбырак, Карайсың не мени жалдырап? Тамсаң дагы көздүн жашындай, Таң калыштуу жүзүң албырат,
Күз символу – сары жалбырак!   Күз символу – сары жалбырак, Калды жолдор... көздү талдырат. Кайда жаз, жай, калпыс өмүрлөр?.. Калды сүйүү, муңдар калды ыраак, Күз символу...
Элдик ырлардын энине салып жазылган саптар...
I. Чачтарыңдын өрүмү текши, майда! Чалдың кечээ:« Күтүңүз, эски жайда...» Чакырдың да, келбедиң таң тостуруп, Чач өргөнүң майдалап кимге пайда?!! II. Эриндериң түсүндөй кожогаттын! Эмне дейин: «Жакса...»  – дейм кошоматым. Эч болбосо кабыл ал элесимди, Эзилишип сен менен кошо жатсын. III. Мелт-калт...
Кийинки аңгемелер
 Аялдамада
   Шаар ичиндеги бир аялдамада узун скамейка бар экен. Ал экөө бир мезгилде эки жактан келип, ошол скамейканын эки четине отурушту. Кыз жана жигит. Биринчилерден болуп кимиси беркисин карады, билбей да калышты. Балким, экөө тең бир убакта, бир ирмемде бири-бирине зээни түштү...
Кийинки ырлар
ТИШИМ ООРУП... «Катуудан тиш...» дегени туура белем,
Кантээримди билалбай куурап денем.
Уйку бербей түн бою боздогондон,
Уруп-салып врачка чуурап келем! Бийик элем, пастадым, кичирейдим,
Билдирбейин десем да титиреймин...
Тим элеби бакылдап тың жүрчүмүн,
Тиш...
Үчтүктөр
* * * Бүгүн кимбиз? «Мен» болчубуз кечээ биз? Башка түшкөн маңдайдагы жазуу бул, Болду эми галустукту чечебиз... * * * О, ыр дүйнө, менден Сага ырахмат! Ооматыма, байлыгыма карбай обочолоп, качпай жүргөн ыраактап... * * * Сен мага Периште элең бактым делген! Мен сенин көкүрөгүңө Айды, чачтарыңа...
Насип
Ал - кадимки эле  жөпжөнөкөй ит.  Жүнүнүн барактыгы гана болбосо, айылдагы башка иттерден айырмачылыгы жок. Анткен менен башка иттердей болоор болбоско чаяланып үрүп, жолдон өткөн мал-кел, бала-чакага качырып сала бербеген токтоолук жагы да бар. Кээ бир иттер эч нерсенин дайыны жок, өткөн машинанын...
Ай, эжеке
(пародия) «Келе жатып автобустун ичинде,  - Ай, эжеке, гүл берчи деп сурадым. Анда эжекем гүл берүүнүн ордуна, Кайра мени гүл ордуна кууратың...» (Обондуу ыр)   Келе жатып маршурутка ичинде:  - Ай, эжеке, пул берчи!.. – деп «сурадым». Бул эжекем пул «берүүнүн» ордуна, Билбептирмин «тарс» эттире...
Жазгы арноо
Булутту кимдир бирөө саап жатат - Булбул көз жамгыр секин жаап жатат. Жагымдуу жамгыр үнүн угуп алып, Жалбырак алаканын чаап жатат...

Айлана бир ажайып гүлдөп турат... Адамды тирүүлүккө үндөп турат. Жаан токтоп, бир аздан соң булут көчүп, Жарыктык жаркын алоо Күн да чыгат!!!
...
2 фото
Акын ким?
"Акындын эки өмүр эки жазы бар:
"Биринде өзүм жашайм" - дейт,
"Биринде ырым жашайт" - дейт."
                                         А. Осмонов. Бардык жанга буюрубаган асыл баа, Бай болсо да сезим менен акылга «Жарыктыкта жалгыз жансын, күйсүн», - деп, Жайдак тагдыр берген тура...
2 фото
Жаңы 2014-жылды күтүү ыры
Кел, Жаңы жыл, алыс жолду арытып, Кел, Жаңы жыл, тозоң уруп, кар учуп... Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп, Карыяны да бир жашка карытып...   Шаркыраган дарыядай агып кел, Шаңга толуп, Адамзатка жагып кел. Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин, Бак-таалайды ар бир жанга алып кел:   Ден соолук бер...
2 фото
Жаңы жылды күтүү ыры
  Кел, Жаңы жыл, алыс жолду арытып, Кел, Жаңы жыл, тозоң уруп, кар учуп... Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп, Карыяны да бир жашка карытып...   Шаркыраган дарыядай агып кел, Шаңга толуп, Адамзатка жагып кел. Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин, Бак-таалайды ар бир жанга алып кел:   Ден соолук бер...
Бир сулуу бар...
  Көзүндө сурмасы бар, Тилинде курмасы бар. Бийлеген соору чайпап, Бир сулуу ургаачы бар.    Каректе алмазы бар, Эринде халвасы бар... ...Аңкаям эстен танып, Адамдай талмасы бар.   Ал - жалын. Бийлеп жатат... Күү аны «үйлөп» жатат... Өзүмө суроо берип, Сезимим сүйлөп жатат:   «Хиджабын чечер бекен?...
2 фото
Эрди-катын жөнүндө ыр
(Азил ыр) Кадими* Бозбу деген тоого жакын, Жашашты аман–эсен эрди-катын. Айтылбайт бул баянда аял ысмы, Айталбайм ошондой-ак эрдин атын...   Күйөөсү күлтүйгөн жан семиз эле, Күпүлдөп ак көңүлдүү  деңиз эле. Теңирим берип койгон бардык жактан, Тегереги төп келген тегиз эле.   Аялы абдан эле арык...
Өзгөчө оору
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери  Ибадат Сулаймановага арнаймын.   Облустук оорукананын бир бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген врач келин айтып жатпайбы:  - Ой, көп эле семирип кетпей өзүңөрдү сактагыла! Жакында эле бир кызык окуяга күбө болуп, таң калганымды айтпа! Айылдык таанышым (...
Кобаяси Исса (Жапония)
(15.06.1763 - 5.01.1828)   Кобаяси Исса  Синано провинциясынын Ками-Миноти  уэздиндеги тоолуу Касивабара кыштагында  дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Энеден эрте ажырап, өгөй эненин запкысын абдан тарткан. Ошондон улам он төрт жашында эле өз алдынча жан багууга үйүнөн чыгып кетет. Ал Эдо (Токио)...
Дарга алдындагы акыркы сөз
                                            «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат...»                                                                                              Эл сөзү.            Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам...
Загружается...

Популярное

))}
Loading...
наверх