Свежие комментарии

  • Айтмырза Абылкасымов
    Ырахмат!Досторума кайрылуу!
  • Ali 123
    Би-ир жолу адашып ушул сайтка киргенмин,кийин кайра таппай калгам. Эми мен да байма-бай кирип турам.Мага аябай жакты....Досторума кайрылуу!
  • Бауыржан Карагызулы
    Тамаша!Коңшу кызга

Амандашуу

Ассалоому Алейкум Айтмырза Аксакал! Ала-тоонун Аркы Аймагындагы Агайындар, Аяштар  Амансыздарбы? Абалы Амандашып Алалы.

Вернуться к статье
Айтмырза Абылкасымов
Азаматым Актилек! Менин жайытыма Кытай Эл Республикасындагы кыргыз боордоштордон алгач өзүң келип, амандашып турганыма төбөм көккө жетип турган кезим. Сени кытай жергесиндеги кыргыздардан чыккан чыгаан уул катары, виртуалдуу дүйнөдө КЫРГЫЗ атын таанытып жаткан жетик инсан катары баалаймын. Куш кел, урматтуу иним! Ар дайым Сен биздин ардактуу коногубузсуң! Төргө өт!
Aktilek
Кудай башыңызды аман кылсын, эл-журтту аман кылсын! улуусун сыйлаган эл оңот. Интернет бетинде сиз менен таанышканым өмүрүмдөгү чоң окуя деп баалайм мен. бизденда жашка улуу аксакалдардын ушундай интернетте бар экенин сизди көрүп билдим, таң калдым, сыймыктандым. Жайтыңызга жайлоого чыгып келейин деп келдим аксакал, өзүбүздөн чоңдорго салам берип, тамашалап, эркелеп жүргөндү жактырам. Бул жерге көнүгүү үчүн башбактым эле, буюрса чыгарма жөнөтүүчү жерге тапкан тергенимди жөнөтүп турам. Бул жайттагы бардык туугандарга, досторго алыскы Үрүмчү шаарынан жылуу саламым менен: Ак тилек

Картина дня

наверх