"Акындын эки өмүр эки жазы бар:
"Биринде өзүм жашайм" - дейт,
"Биринде ырым жашайт" - дейт."
А. Осмонов.
Бардык жанга буюрубаган асыл баа,
Бай болсо да сезим менен акылга
«Жарыктыкта жалгыз жансын, күйсүн», - деп,
Жайдак тагдыр берген тура акынга...
Бул турмушуң кубулма да, жашынма,
Бүт байлыкты берип салган бакылга.
"Алаксыбай аруу ырлар жазсын" - деп,
Арам оокат бербеген бейм акынга.
Дүрт деп күйгөн дары сымал атылма,
Дүйнөсү бар махабаттын атында.
"Өмүр бою өрттүү ырлар жазсын" - деп,
Өксүк сүйүү берген экен акынга.
Ар бир ирмем алмашылгыс алтынга,
Мезгил деген мээ жетпеген закым да.
Улуу сөзүн Адамзатка айтсын деп,
Узун өмүр берсе, аттиң, акынга!