Жаз сыяктуу жаңырасыңбы?
Жаза басып, жаңыласыңбы?
Көпчүлүктүн көңүлүн буруп өзүңө,
Коңгуроодой жаң урасыңбы?
Гүл чечектей жарыласыңбы?
Гүлкан болуп жагыласыңбы?
Жүрөгүңдү чаап, жөн-ак бир кызга,
Жүдөп-жүдөп, жалынасыңбы?
Жаратканга табынасыңбы?
Жаш балача таарынасыңбы?
Туш келгенде араа сөздөргө,
Дарак сындуу таарыласыңбы?
Анда Сен-тирүүсүң!!!